• Контакты

    • “Билим Жолу” Жалпы билим берүү уюму” мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ауэзов көчөсү 23 дарегинде жеке менчик билим берүүчү кыргыз тилдүү мектеп, 2021-жылы ачылган.

      Мекеме 2021-2022 - окуу  жылына  алгач 300 окуучуга ылайыкталган. Факт түрүндѳ 1-класстан 8-класска чейин 280 окуучу окуп баштаган.

      2022-жылы 1-сентябрь айында 700 орунга ылайыкташылган жаңы мектептин имараты кошумча курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилген. Мекемеде 80-100 орунга ылайыкталган ашкана, 1 спорт залы, 1 спорт аянтчасы жана 30 окуу кабинеттери, компьютердик класс 24 окуучуга ылайыкталган, лабораториялык химия, биология класстары бар, усулканалар, китепкана жана мед.кабинет ачылган. Мекеменин имараты муздак суу, ысык суу жана газ жылытуу системасына туташтырылып иштеп баштаган. Мекеме Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан аккредитациядан өткөрүлдү.  

      Мекемеде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

      Англис тили - "Оксфорд" системасынын негизинде, араб тили ийрими тереңдетилип окутулат.

      Окуучулар үчүн ар кандай ийримдер ачылган: англис тили, араб тили, орус тили, кыргыз тили, математика, ОРТга даярдоо, шахмат, шар окуу, менталдык арифметика, гимнастика, көркөм өнөр (живопись, каллиграфия), спорттун ар кандай түрлөрү ачылып, кошумча окутулуп келет. 

      2022-2023 - окуу жылына  1-класстан 11-класска чейин 450 окуучу окуп баштап. 9-класстардан 24 окуучу күбөлүк алып, 11-класстардан 21 окуучу аттестат алышты. 

      2023-2024 - окуу жылында 1-класстан 11-класска чейин 450 окуучу окуп баштап. 9-класстардан 20 окуучу күбөлүк алып, 11-класстардан 10 окуучу аттестат алышты. 

      2024-2025- окуу жылында 1-класстан 11-класска чейин 29 класс комплектация болуп, 535 окуучу билим алып келе жатышат.

      Окутуу 2 сменада жүргүзүлөт:

      Биринчи смена эртең менен саат 8.00-12.40 эркек балдар; 

      Экинчи смена саат 13.00 - 17.40 кыздар окутулат.

      Мекеменин жетекчиси: Венера Орузбаевна Кабылбекова

      Мекеменин юридикалык күбѳлүгү: каттоо номери 02008202010107,   код ОКПО 29347457

  • Напишите нам

      • Название школы
      • "Билим Жолу" Жалпы билим беруу" мекемеси
      • Primary phone
      • +996700677655
      • Other phone numbers
      • +996504677655
        +996709927790
      • Адрес школы
      • улица Ауэзова №23
        720048 Бишкек
        Kyrgyzstan
      • instagram
      • https://www.instagram.com/bilim__jolu
      •                  Мектепте

      • 3 жылдын ичинде окуучулардын билимге болгон кызыгуусу артып, таалим-тарбия үйрөнүп, көптөгөн ийгиликтерге жетишишти.

  • Биз жөнүндө

    Если у Вас есть какие-либо вопросы о нашей школе, пожалуйста, отправьте нам сообщение, используя эту форму.
    загрузка данных из сервера, пожалуйста, подождите