Новости

          • Жолугушуу!

          • дабияттын алпы, кара сөздүн кеменгери, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына он төрт жыл болду.

            12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт.

            Бул күн кыргыз окурмандарынын арасында айдын акырына чейин уланып келет.

            Бул адатка айланган жөрөлгө “Билим жолу” мектебинде экинчи жылы белгиленди.

            Бул жылы 9-10-11-классынын окуучулары Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев акын жана котормочу Карбалас Бакиров менен жолугушту.

            Жолугушуу академик Абдылдажан Акматалиевдин кызыктуу маеги менен башталды. Бул күнү академик Казак Республикасынын президенти Касым- Жоомарт Токаевичтин буйругу менен 2-даражадагы Достук ордени менен сыйланып келе жаткан экен.Сыймыкка татыган академиктин бул бейнеси окуучуларга эмгектин жыйынтыгына балкуу кандай экендигин көзү менен көрүп, жүрөгү менен туя билиши да сабак боло алды.

            Ал эми академиктин окуучуларга айткан кеңеши, тарбиясы, маеги өзүнчө бир өмүрлүк сабак болуп калды. Акын Карбалас Бакировдун окуган ырлары окуучуларга акындын өзүнүн жандуу үнү менен окушу да кыйла таасирдүү болду. 11-класстын окуучусу Эгембердиева Алтынайдын Айтматовго арналган сабагы кызыктуу өтүп, жолугушуу академик Абдылдажан Акматалиевдин ак батасы менен кайталангыс маанайда аяктады.

          • Кызыктуу жолугушуу

          • 25-апрель, 2023-жылы мекемеде окуучулардын интеллектуалдык билимин жогорулатуу жана ЖРТке даярдоого карата керектүү адистер менен жолугушуу болду. Алар: Масалбеков Нуркалый кыргыз тилинен ЖРТ боюнча тренер, Жалил Мукамбет “Тентек” анимациялык компаниясынын жетекчиси, Нурдинов Тилек “Тилимпоз” уюмунан окутуучу-филологдор болушту. Жолугушуу кызыктуу маанайда өттү.

          • Акыркы коңгуроо

          •   Мына 25- май дагы келип калды.Баардык мектептердей эле биздин мекемеде да акыркы коңгуроо аземи башталды.

            Акыркы конгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-класс окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.  

            Мекеменин директору бүтүрүүчүлөргө каалоо тилегин айтып, окуучуларды мекеменин мактоо баракчасы менен сыйлады. Мугалимдер бүгүн бүтүрүүчү жана алардын ата-энелеринен көптөгөн алкыш сөздөрдү угушту.

          • Ачык эшиктер күнү

          • “Билим жолу” Жалпы билим берүү уюму” мекемесинде республиканын бардык аймактарынын окуучуларына арналган Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр:Брызгалова Ольга Александровна, Усенова Буруш Байсабаевна катышып, окуу жайдын келечегине ак жол каалашты. 

            Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолуп, жыйынтыгында меймандар, ата-энелер, окуучулар мекеменин  окуу корпустарына саякатташты жана окуучулардын илимий-техникалык, чыгармачылык долбоорлоруна күбө болушту.

          • Тил майрамы

          • Эне тилим - эне сүтүм!

            “Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде”-деп улуу жазуучубуз Ч. Айтматов айткандай, элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз. Бул эне тилибиз — кыргыз тили.

            . “Улут болсом тилим менен улутмун”, “Эне тилсиз эл болбойт”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи эне тилибизди даңазалоо максатында мекемеде эң ири иш чара болуп өттү.

          • Акыл ордо

          • Окуучулардын интеллектуалдык билимин өркүндөтүү максатында “Акыл ордо” билим-оюн сынагын жыл сайын өткөрүү салтка айланган. 

            8-9-класстын окуучулары катышып келген болсо, жаңы окуу жылында башталгыч класстардын окуучуларын катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

             Оюнга катышууну каалгандар тандоо турунан өтүшөт. Тандалып алынгандар өздөрүнүн билими, жөндөмү, шыгын жогорку деңгээлде көргөзө алса, мекеменин мыкты окуучусу болууга мүмкүнчүлүгү болду жана жеңүүчүлөр аныкталды.

          • Күз керемети

          • “Убакыт учкан куш сымал” деген сөз чын белем.
              

            Кечээ эле айлана жашыл болуп, өзүнчө бир керемет жаз деген мезгил эле. Күн батып, таңдар атып тез эле күз мезгилге кирип келдик. Мага аябагандай күз мезгили жагат. Себеби, дарактын башында саргайган, көзгө ушунчалык кооз жалбырактар акырындан жерге түшүшөт. Бульвар аралап басып бара жатсаң шытырап өзүнчө бир керемет. Күз кимге канчалык денгээлде жагат? Күздү сагынып күтөсүңөрбү? Жалбырак тебелеп, сейилдеп жүргөн кандай соонун ээ?. Сүрөтчүлөр да ушу мезгилде кооз сүрөттөрдү жаратышат.  

            Биздин таланттуу окуучуларыбыз да күз берекесин көркүнө чыгара майрамдашты.

          • Акыл карачач

          • сынак “Акыл Карачач”- акылдын көрсөткүчү​​​

                Кыргыз кызы – кыргыз улутунун күзгүсү. Кыргыз коомунда, үй-бүлөдө болсун, коомчулукта болсун, тарбияда болсун кыздардын орду абдан чоң. Ырас, улуттун жүзү болгон соң, улуттук баалуулуктарды, каада-салтты, салттуу билимдерди кыздар алып жүрүүгө милдеттүү. Ал үчүн албетте, акыл-көрөңгө, дээр, зээн ордунда болууга тийиш.

            Ушул жылдын 30-ноябрында “Билим жолу” мектебинин 6-9-класстардын ортосунда “Акыл Карачач” сынагы уюшулуп, катышуучулар чоң жоопкерчилик менен катышты. Жыйынтыгында 7-класстын окуучусу Съезбекова Айназик “Акыл Карачач” номинациясын жеңип алды.

          • Жол эрежеси

          • Кыргызстандын аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ- КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери», 1999-жылдын 1-сентябрынан колдонулуп келет.                     

            Жолдо жүрүү эрежелери жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, Кыргызстандын бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алпарышат.       

                Ал эми биздин мекемеде окуучуларга жол эрежесин түшүнүүгө жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүшөт. Балдар өзүн-өзү жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбияланышат.

          • Алиппе майрамы

          • «Алиппе»- билимдердин башаты, анткени алты, жети жашка чыккан баланын билим дүйнөсүнө эшик ачып, алгачкы кадам ташташы ушул окуу китебинен башталат. Бала ушул окуу китептен тамга таанып, тамгаларды кураштырып сөз, сүйлөм курап жазып, сабаттуу окуганды үйрөнөт. Биринчи класска келген жаш бөбөктүн алгачкы ачып окуган китеби дал ушул АЛИППЕ китеби болуп саналат. Ошондуктан Алиппени окуп бүткөн кийин «Кош бол Алиппе!» майрамын өткөрүү бул биринчи класстын окуучулары үчүн чоң майрам жана билимге карай шилтеген алгачкы кадамы экендиги айдан ачык. Биздин мекемеде дагы «Кош бол Алиппе!» майрамынын салтанаты болуп өттү.

          • Атам жана Мен

          • Сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү үчүн милдеттүү түрдө спорт залга баруунун кажети жок. Эң негизгиси - киши кыймылдап турушу керек, айрыкча бул керээли кечке кеңседе отуруп иштеп, компьютерден көз албагандарга сунушталат. 

            Адистер акыркы учурда сергек жашоо турмушун алып жүргөн жаштардын көбөйгөнүн белгилешет. Өкмөт буга чейин 2018-2022-жылдарга карата “Спорттук Кыргызстан” программасын кабыл алган. Анда калкты сергек жашоого үндөөгө багытталган ондогон иш-чаралар камтылып, четинен ишке ашырыла баштады.

            Биздин мекемеде да 2-Б классына  «Атам жана мен»  аттуу спорттук таймаш болуп өттү.

          • Саякат

          • Маданий эс алуу да- окуучунун өзүн өнүктүрүүсү!

                    Куурчак театры — бул жеңил баа көңүл ачуу эмес, ал кичинекей көрүүчүгө тарбиячы, мугалим жана насаатчы.

            Бүгүнкү күндөгү улам жаңысы чыгып, көңүлдү азгырган ар кыл оюн техникалары балдарды улам өзүнө тартып барат. Балдар эмес, чоңдор да театр, балет, опера, спектакль деген өзүнчө бир сонун дүйнөдөн алыстап бараткандай. Андыктан, биздин мекеменин башталгыч класстары руханий-маданий, эстетикалык тарбия алуу максатында Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына байма-бай каттап турушат.

             

            Окуучулардын каникулдагы бош убактысын пайдалуу эс алуулар менен өткөрүү максатында мектеменин класс жетекчилери окуучуларды муз аянтчасына муз аянтчасына алып барып турушат.Кышкы каникул убагында 6-7-класстын окуучулары жанымда жүрүштү. Коньки көтөрүп келишип, эс алуу учурунда хоккей ойноп жатышты. Арасында муз бийине (фигурное катание) кызыккан кыздар дагы бар”.

          • Билимди жогорулатуу

          • Азыркы кезде мамлекеттин да, коомдун да билим берүү системасына болгон талабы күчөп жатат, анткени бул тармакка карата көз караштар ар түрдүү жана талаптар да ошого жараша. Айрыкча мугалимдердин кесиптик деңгээли, алардын заманбап даярдыгы бул жерде өтө маанилүү. Деген менен, мугалимдин билим деңгээли кесиптик чеберчилигинен бааланат, аны үчүн чыгармачылык изденүү менен эмгекти талап кылат.    

            Биздин мугалимдер өз билимин өркүндөтүү максатында Республикалык, шаардык деңгээлдеги курстардан тынымсыз билимдерин жогорулатып турушат.

          • Кош бол башталгыч класс

          • Быйыл башталгыч 4-класс жыйынтыктап жатышат. Ошол себептүү ушул 4-класска чейинки алган билим-тарбияларын, ата-энелерге, мугалимдерге отчеттук  кече коюп беришти. Анын жүрүшүндө окуучулар бардык предметтер менен байланышкан ырларды, бийлерди бийлешти.        

            “Бүгүн баарыбыз үчүн кызыктуу күн. Мектепке кечээ киришкен балдар бүгүн башталгыч мектепти аяктады. Мен акылдуу, акылдуу, таланттуу окуучуларым менен сыймыктанам.Мен аларга чексиз сагыныч менен Ачык жол каалайм”,-дейт толкунданган эжеси көзүнө жаш ала.